Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.01.2018 10:05

Базарга унутуп кеткен: Жалал-Абадда 3 жаштагы кыздын апасы изделүүдө, атасында документтер жок

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан 3 жаштагы Мадина атасына кайтарыла элек. Себеби, ал анын атасы экендигин тастыктаган тийиштүү документтерди көрсөтө албай жатат.

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекованын айтымында, кызды өткөн жылдын октябрь айынын башында атасы базардан жоготуп жиберип, ошол бойдон издеген эмес. Кыз базарда уктап жаткан жеринен табылып, анын жакындарын издөөгө алынган. Акыры маалымат каражаттары аркылуу издөөгө алганда аталган бөлүмгө кыздын атасы кайрылган. Бирок ал атасы экендигин далилдеген документтерди көрсөтө албай жатат.

«Мадинанын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок болгондуктан кайрадан алынды. Атасымын деп кайрылып жаткан атуулдун паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен экен, жаңы паспорт алды. Тилекке каршы кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасы деген жерине атасы жазылбай калган. Тактап айтканда, убагында кыздын ата-энеси никесин мыйзамдуу түрдө каттатышкан эмес. Ошол себептүү баланын күбөлүгү жалгыз бой эне катары алынып калган. Атасынын аталыгын аныктоо күбөлүгү же соттун чечими жок. Тактап айтканда, расмий кагаздары жок болгондугуна байланыштуу бере алган жокпуз. Атасынын айтымында, кызды энеси Мадина жаңы төрөлүп, 10 күн болгондо эле таштап кеткен экен. Кызды атасы экинчи жубайы экөө тарбиялап жатышкан экен. Эми энесин издөөгө мажбур болуудабыз. Энесин тийиштүү органдар издеп, анын кара-кулжалык экенин аныкташты. Ал башка бүлө күтүп, Россияда иштеп жүргөнү айтылууда», - дейт ал.

Анын айтымында, балага тийиштүү кагаздар Өзгөн райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди, кыз шаардагы эле реабилитациялык борбордо тарбияланууда. Эми энеси келип, атасын сот аркылуу аныктоо жолу турат. Кыздын өз энесин күтүп жатышат. Ал эми атасына кызды кайтаруу же кайтарбоо да кайрадан каралат.

«Атасы кызын жоготуп алганына бир айга жакын убакыт болсо да, биз маалымат каражаттарына бермейинче издеген эмес. Бул өтө чоң кайдыгерчилик, ата-энелик милдетти аткарбагандыктын туу чокусу деп эсептейм. Ошол үчүн кызды атасына кайтаруу маселесин терең изилдеш керек», - дейт ал.

Маалыматтарга караганда, кыздын атасы Өзгөн районунун тургуну, бирок турмуштук жагдайлардан улам Сузак районунун Кара-Март айылында жашап жүрөт. Ал жерде койчу болуп жүргөнү айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×