Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда 17 айыл таза суу менен камсыз болгон

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунун 17 айылы «Таза суу жана санитария» долбооруна кирип, таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу райондук акимчиликтен Р.Ражапбаев билдирди.

Маалым болгондой, район боюнча таза суу системасынын жалпы узундугу 177,9 чакырымды түзөт, суу алуучу чорголордун саны 631 даана. Учурда район боюнча 1 миң 966 үйгө суу киргизилген. Бүгүнкү күнгө карата 567 чорго иштейт, калганы убактылуу суу алынбагандыктан токтоп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 335
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×