Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

2 ай мурун жоголгон Аида Алмазбек кызы Бишкекте табылды

Turmush -  Каракол шаарында 2 ай мурун жоголгон Аида Алмазбек кызы табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.

Каракол ШИИБдин кызматкерлеринин издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А. Алмазбек кызы Бишкек шаарынан табылды. Азырынча ата-энеси менен байланышпаганынын себеби белгисиз. Милиция кызматкерлери кызды ата-энесине өткөрүп беришти.

Буга чейин Каракол ШИИБден Аида 2017-жылдын 10-ноябрында дайынсыз жоголгонун билдиришкен. Ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес. Анын ата-энеси милицияга кызынын жоголгондугу тууралуу арыз менен 1 айдан кийин — 13-декабрь күнү кайрылган.

Ошол күнү Аида жашыл түстөгү куртка, жинсы жана кыска кышкы бут кийим кийип жүргөн. Ошондой эле, анын жанында кара түстөгү сумка болгон.

Анын апасынын айтымында, кызы жоголгон күнү базарга барган. Ал базардан келгенде кызы үйүндө болбогонун белгиледи. Аида уюлдук телефонун үйүнө таштап кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3493
Көп окулду
×