Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Ысык-Көл

«Жеңеке»: Ысык-Көлгө келин болгон 22 жаштагы Майрам жолдошун узун чачы менен сүйдүргөн (фото)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу 2 айылынын 22 жаштагы тургуну Рахатбек кызы Майрам узун чачы менен көлдүк жигитти өзүнө ашык кылып алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Майрамдын айтымында, ал Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Тоңдун Туура-Суу 2 айылынын 26 жаштагы тургуну Адис уулу Маликке турмушка чыкты.

Майрам жеңе колледжден кытай-англис тили боюнча билим алып, учурда И.Арабаев атындагы университетте 4-курста сырттан окуп жатат. Ошондой эле, айылдагы башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Мен борбордо окуп жүргөндө окуу жайдан чыгып, үйгө кетип бара жаткан жолдо болочок жолдошум достору менен турган экен. Мен өтүп баратсам, ал: "чоң кыз, чачың узун экен, Ысык-Көлдөн болосуңбу?" деп сурап калды. Мен жиним келип: "эмне көлдүктөрдүн эле чачы узун бекен?" деп жооп бердим. Ал тамашалап жатканын айтып, экөөбүз таанышып калдык. Кийин бири-бирибизди жактырып, бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ошондо ал менин узун чачымды абдан жактырганын айткан эле. Ал үй-бүлөдө эң кичүүсү болгондуктан мага баш кошууну сунуштады. Өзүнүн апасы жана бир туугандары менен тааныштырды. Кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып, ата-энемдин колунан ак батасын алып баш коштук. Нарында жаңы келген келин кайната жана кайненесине 3 күн эле жүгүнөт, ал эми Ысык-Көлдө кемпир болгончо жүгүнөт экен. Жаңы келгенде баарына жүгүнчүмүн.

Кайненем мени өз кызындай кабыл алды. Кеп-кеңешин айтып, баарын үйрөтүп турат. Мугалим болуп калышыма кайненемдин ролу чоң. Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Жиптен ар түрдүү азем белектерди жасайм. Жолдошум үй-бүлөнүн кичүүсү болгондуктан айылда мал чарба менен алектенет», - деди ал.

Учурда жубайлар бир уулду тарбиялашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7112
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×