Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 11.01.2018 16:37

Лейлекте 2 карышкыр атылды

Turmush -  Бүгүн, 11-январда Лейлек районунун Исфана шаарынын аймагында 2 карышкыр атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы Абдилла Өсөров билдирди.

Анын айтымында, карышкырларды Умарбек Абдиев атып өлтүрдү. Өткөн жумада 4 карышкыр жана 1 чөө атылган болчу. Карышкырлар Лейлектен 2 жылкы, 1 уйду жеп кетишкен. Андан кийин район жетекчилиги карышкырларды жок кылуу боюнча токтом кабыл алып, бардык мергенчилер тартылган.

Карышкыр аткан адамга Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинен 6000 сом, жергиликтүү бийликтен 3000 сом сыйлык берүү каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×