Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Баткен

Баткенде жолдун курулушунда жеринен ажырагандар башка жер ала албай жүрүшөт

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айылынын айрым тургундары үлүш жерлеринен ажыраганына нааразы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алардын айтымында, 2008-жылы Ош—Баткен—Исфана унаа жолу оңдолуп, кеңейтилген кезде Ак-Татыр айыл өкмөтүнөн өткөн тилке жергиликтүүлөрдүн эгин талааларына туш келип калган. Мындан улам тургундардардын үлүш жерлери да жолго кошулуп кеткен. Ошол учурда жолго берилген жердин ордуна башка жерден тилке беребиз деген жергиликтүү бийлик айткан убадасын бүгүнкү күнгө чейин аткарбай жатат.

«30 сотых аянттагы үлүш жерим бар. Анын 10 сотыхка жакынын 2008-жылы жолго деп өткөрүп бергем. Ошол учурда башка жерден жер берилет деген убадага ишенгем. 10 жыл өтсө да жерден дайын жок. Бирок 30 сотых аянттын жер салыгын төлөп жүрөм», - дейт Ак-Татырдын тургуну Камчыбек Ходжаев.

Карапайым калк жогорудагы көйгөйлөрүн айтып, жергиликтүү жетекчилерге кайрылган. Бирок жолго деп берилген жердин орду толукталбай келет.

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурматовдун айтымында, жер ала албай жүргөндөрдүн маселесин чечүү аракеттери көрүлүп жатат.

«Ош—Баткен—Исфана жолун оңдоо жана куруу иштери башталганда эски жол эл аралык талаптарга жооп бербегендиктен аны кеңейтүү үчүн элдин жол боюндагы жергиликтүү турак жайлары жылдырылып, айрымдарынын эгин аянты кыскартылган. Ошол учурда айрым тургундарга компенсация төлөнүп берилген.

Мындан сырткары, зыяндын ордун толтуруу үчүн кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен айрымдарына жер да берилген. Ал эми, жер албай жүргөндөрдүн маселесин келечекте жергиликтүү кеңештин сессиясында чечүү аракетин көрүүдөбүз», - деди Кубанычбек Нурматов.

Жерлери жолго өтүп кеткендер жер аянты үчүн төлөнүп жаткан салыкты өздөрү тактоосу керектиги айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×