Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Видео — Ысык-Көлдө 2 жол тандабас жол жээгиндеги музга тыгылып, жүк ташуучу унаа тартып чыкты

Turmush -  Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы чоң жолдун жээгиндеги музга «Тойота» үлгүсүндөгү жол тандабас кирип кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуяга күбө болгондор билдиришти.

Алардын айтымында, «Тойота» унаасын сүйрөп чыгууга аракет кылган «Ниссан» үлгүсүндөгү жол тандабас дагы музга тыгылып калган. Соңунда «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа экөөнү тең сүйрөп чыгарган.

«Жол тандабастын ичинде жаш жигиттер болгон жана алар жергиликтүүлөр эмес болчу», - деп бидиришти күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×