Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 2 спортчу барат

Turmush -  Быйыл Кореяда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 2 спортчу катышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда парламенттин отурумунда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, спортчу Тариэл Жаркымбаев кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.

«Олимпиадага Евгений Тимофеев жана Тариэл Жаркымбаев барат. Алар тоо лыжасы жана жарыш лыжасы боюнча катышат. Аларга лицензия берилди, спортчуларды машыктыруучулары коштоп барат. Зарыл болгон каражат бөлүндү. Эки спортчу 18 айдан бери 1,5 миң доллар стипендия алышты», - деди ал.

Буга чейин кышкы Олимпиада оюндарына спортчу Евгений Тимофеев лицензия алганы маалым болгон.

Кореядагы Олимпиада оюндары 2018-жылы 9-25-февраль күндөрү өтөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2698
Көп окулду
×