Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын жашоосу (видео, фото)

Turmush -  Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна 2014-жылдан бери 25 даана фотокапкан коюлуп, жаныбарларга байкоо жүргүзүлүп келүүдө. Фотокапкандар коруктагы жаныбарлардын так санын билүүдө жана аларды эсептөөдө пайдасы тийип жаткандыгын коруктун директорунун орун басары Жолдошбек Кырбашев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын маалыматына караганда, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы 29-декабрда Кыргыз ССР Министрлер Советинин №671 токтомунун негизинде Борбордук Тянь-Шандагы жаратылыш комплекстерин коргоо, сактап калуу жана жоголуу коркунучундагы жаныбарларды калыбына келтирүү максатында уюштурулган.

Азыркы учурда Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 105 миң 519 гектарды түзөт. Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 110 түрү, балыктардын 3 түрү, жерде жана сууда жашоочулардын 1 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү кездешери аныкталган. Коруктун ичинде Кызыл китепке кирген сүт эмүүчү жаныбарлар - илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжалар байырлашат. Кызыл китепке кирген канаттуулар — бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кидик бүркүт, чоң үкү, орок тумшук чулдук кездешет.

Корукта өсүмдүктөрдүн 500дөн ашык түрү бар. Анын ичинен бир нечеси дары өсүмдүктөр болуп саналат. Мисалы, алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен жана башка түрлөрү кездешет.

Кыргызстанда бугу жана марал Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында гана сакталып калган. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда бугуну колдоо жана көбөйтүү менен Кыргызстандын башка аймактарына таратуу максатында 1988-жылы бугу-марал питомниги уюштурулган. Азыркы мезгилде питомникте 19 баш бугу жана марал багылууда. Коруктун токойлуу аймактарынан эртең менен же кечке жуук бугу жана маралдарга толук байкоо жүргүзүүгө болот.

Тема боюнча:

23.11.2017«Салкын-Төрдү» байырлаган жаныбарлардын фотокапканга түшкөн сүрөттөрү
22.11.2017Видео, фото - Фотокапканга түшкөн 53 суу канаттуусунун Чатыр-Көлдөгү жашоосу
18.11.2017Каратал-Жапырык коругундагы фотокапкандарга түшкөн тоо казылардын сүрөттөрү
13.01.2017Таластагы тоолордо фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү
21.11.2016«Салкын-Төрдөгү» фотокапканга түшкөн жаныбарлар: Аюунун мамалагы камералардын бирин чайнап салды (фото, видео)
19.07.2016«Ала-Арчадагы» фотокапкандар жапайы камандарды тартып алган (фото)
19.07.2016«Ала-Арча» паркында фотокапкандар сүлөөсүндү тартып алышты (фото)
07.07.2016Таластагы коруктарда коюлган фотокапкандарга Кызыл китепке кирген жаныбарлар түшүп жатат (видео, фото)
13.01.2016Кыргызстандын тоолорундагы аюу 3 мамалагы менен фотокапканга түштү (видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1771
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×