Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.01.2018 13:36 На русском

Бишкекте каракчылыкка шектелген 4 жигит кармалды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине жарандар кайрылып, 7-январь күнү батирге кирип, коркутуу жолу менен «iPhone-5» үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана 50 миң сом алып кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип 1990-жылы туулган Б.у.А., 1997-жылы туулган Т.у.Т., С.Т. жана К.К. кармалды.

Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иш козгоду. Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×