Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.01.2018 10:01 На русском

Сузактагы үй-бүлөгө кол салуу: Каза болгон үй ээсинин аялы окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында уурулардын кол салуусунан улам каза тапкан үй ээсинин 54 жаштагы жубайы Хакыйкат Саипназарова окуя тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, окуя 2017-жылдын 29-декабрынан 30-декабрына караган түнү болгон. Алар бейкапар уктап жатканда кылмышкер кирип, темир буюм менен үй-бүлө мүчөлөрүн ур-токмокко алган. 63 жаштагы үй ээси окуя болгон жерде өзүн жоготкон.

Анын айтымында, ал жайдын күндөрү үй шартында салат жасап, аны кышында базарга алып чыгып сатып тиричилик кылчу. Аларды ур-токмокко алган адам аларга карыз болчу.

«Окуядан эки күн мурда кошунабыздын үйүнө муздаткычпы же кир жуучу машинабы, айтор тиричилик техника түшүрүп жатканын көргөм. Жанына барып: “балам жакшы эле жумушуң бар экен го, карызыңды кайтарбайсыңбы. Бир аз акчанын айынан экөөбүз милицияда арызданып жүргөнүбүз жакшыбы?” деп айткан элем. Аңгыча, жанындагы киши аны сөгүп, уруша баштады. Көрсө ошондо эле мага өчөшкөн экен да... Ал эми, окуя болгон түнү баары уктап калган, мен эмнегедир көңүлүм тынчыбай уктай албай жаттым. 5 жаштагы неберемди кызым Мадина экөөбүздүн ортобузга алып жаткандыктан аны бир аз карап, саат 02:00 чамасында көзүм илинип кетиптир. Бир маалда мен жакка бирөө келип, башыма темир сыяктанган буюм менен 5-10 жолу уруп жиберди, чалымдын атын айтып чакырган бойдон өзүмдү жоготтум. Абышкамды кайра-кайра чакырдым, үн катпады. Алар мени фонарик менен көрүп, өлдү деди окшойт. Жанымдагы кызыма кол көтөргөнүн угуп жаттым, жардам бергенге дарманым келген жок. Бир кезде өзүмө келсем бети-башым кан, тиштерим талкаланган экен. Эптеп телефонумду таап, иниме байланышып, “биздин үйгө ууру кирип, мени катуу сабап кетти, жезден менен Мадинаны өлтүрүп кетти окшойт" деп чакырдым. Иним үйгө келип, тез жардам чакырып, ооруканага биринчи жолдошумду, экинчи кызымды жөнөтүп жатканбыз. Андан кийин өзүм да эсимди жоготуптурмун. Өзүмө келсем ооруканада жатыптырмын. Кызым 4 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, сынык жараат бөлүмүнө которушканына 2 күн болду. Менин жанымда жатат», - дейт жабырлануучу.

Мындан сырткары, ал жолдошу быйыл 63 жашка чыкканын, өзүнүн «Москвич» унаасы менен иштеп, жакшы күндөрдү өткөргөнүн көзүнө жаш алуу менен эскерди.

Буга чейин Сузак районунда бир үй-бүлөгө кылмышкер кол салып, үй ээси алган жараатынан улам каза болгону, ал эми аялы жана кызы жараат алышканы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, бул үй-бүлөнү кылмышка шектүү мык сууругуч менен ур-токмокко алганы аныкталган. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлгөн. Издөө иштеринин натыйжасында 4-январда Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М., шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышкы шектүү атуул өз көрсөтмөсүндө үй ээсинин жубайына бересесинен калган акчадан улам пикир келишпестик орун алгандыгын айткан. Жабыралануучу да кылмышка шектүү алган карызын кайтарбай келгенин, окуя орун алаардан эки күн мурда түшүндүрүп айтканын белгиледи.

Сузак аймактык ооруканасынан алынган маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрында таңга жуук бир үй-бүлөдөн үч адам оор абалда ооруканага түшкөн. Үй ээси — 1956-жылы туулган С.Т. эс учун жоготкон оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган. Дарыгерлердин аракетине карабай, ал өзүнө келбей 3-январь күнү дүйнө салган. Анын баш сөөгү сынып, оор жараат алгандыктан аны куткарып калууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми үй ээсинин жубайы Х.Саипназарова менен 2002-жылы туулган кызы С.М. да оор абалда болчу. Эне-баланын мээси чайкалган. 16 жаштагы С.М. үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан соң энесинин жанына палатага которулган.

«Алар азыр травматология бөлүмүндө дарыланышууда. Абалдары орточо», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×