Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Талас РИИБдин кызматкерлери иштен кеткен кесиптештери үчүн маяна алууга шектелүүдө

Turmush -  Талас РИИБдин кызматкерлери иштен бошотулган кесиптештери үчүн маяна алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Талас облусунун прокуратурасы Талас РИИБдин кызмат адамдардына ишенип берилген мүлктү жок кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасоо беренелери менен кылмыш иш козгоду. Аталган адамдар 2017-жылдын март айынан декабрь айына чейин коммерциялык банктын кызматкери менен сүйлөшүп, иштен кеткен кызматкерлердин банктык Visa картасын «Элкарт» картасына алмаштырышкан. Андан кийин «Элкарт» карталарын өздөрүнө калтырып, жасалма документтер аркылуу ал эсепке маяна которуп турушкан. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 742 миң сомду түзгөн.

Аталган ишти иликтөө УКМКнын Талас облустук башкармалыгына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×