Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Кыргызстанга акыркы 5 жылдан бери фламинголор учуп келишүүдө (фото)

Turmush -  Кыргызстандын аймагына акыркы 5 жылдан бери фламинголор учуп келип жатат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы лабораториянын жетекчиси Аскар Давлетбаков билдирди.

Анын айтымында, аталган куштар Борбордук Казакстанды байырлап, кээ бирде кышында Кыргызстанга учуп келишет.

«Алар көбүнчө Ысык-Көлгө учуп келишет. Бирок Чүй облусундагы көлдөрдө да кездешкен учурлар болгон. Адабияттагы маалыматка ылайык, өткөн кылымдын 50-60-жылдарында алар Кыргызстанда кыштаган. Андан кийин алар көптөгөн убакыт келбей калган. Бирок акыркы 5 жылдан бери фламинголор Кыргызстандын аймагына учуп келип жатат», - деди ал.

А.Давлетбаков аталган куштар Кыргызстандын аймагында дайыма кыштап калышы үчүн тиешелүү шарттар жок экенин белгиледи. Куштардын жашоосу үчүн туздуу көл керек.

«Ысык-Көлдө ылайыктуу жаратылыш шарттары жок. Ал жерде куштар азык таба турган тайыз жерлер жок. Эгер андай жер болсо да ал жакта адамдар жашашат», - деди ал.

Кадимки фламинго Кыргызстандын кызыл китебине киргизилип, аны атууга тыюу салынган. Аталган кушту аткан адам 15 миң сом айып төлөйт.

Буга чейин фото сүрөтчү Иван Турковский Ысык-Көлдүн жээгинде кыштаган кызгылт фламинголорду сүрөткө тартып, социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган болчу. Анын айтымында, сүрөттөр декабрь айынын аягында тартылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5123
Көп окулду
×