Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду. Бул маалыматты «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков тастыктады.

«Ал бүгүн түнү каза болду. Бир тууганы анын инфаркт болгондугун айтты. Сөөктү Алай районунун Гүлчө айылына алып бара жатышат. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 12:00дө болот», - деди А.Баатырбеков.

«Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү Ж.Калмаматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ж.Калмаматов 1972-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.

Маркумдун артында жубайы жана 9 баласы калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23522
Көп окулду
×