Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Баракелде, Бишкек 29.12.2017 14:16

Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран аны менен тааныш болгон, - ИИМ

Turmush -  Улан Салянов жана анын өлүмүнө шектүү деп кармалган жаран буга чейин тааныш болгон. Бул тууралуу 29-декабрда АКИpress агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран буга чейин уурдоо, каракчылык жана ээнбаштык боюнча 4 жолу соттолгон.

«Башка шектүүлөр изделип жатат. Кармалган жаран оң көрсөтмө берүүдө жана анын негизинде ал У.Салянов менен буга чейин тааныш болгону аныкталды. Шектүү жаранды кармоо боюнча чоң иш аткарылды», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, кылмышкерлер У.Саляновдун үйүнө киргенде алардын ортосунда кыска сүйлөшүү болгон.

«Биз алар бири-бирин билишет деп ойлогонбуз. Алардын акча боюнча мамилеси бар болчу. Кылмышкерлер аны тоноого барышкан, бирок эч нерсе алып кетишкен эмес», - деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн табылган ок-дарылар экспертизага берилген.

Улан Салянов 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү өз үйүндө белгисиз адамдардын огунан 42 жашында көз жумган. Ал Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашачу.

«Таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз 4 адам үйүнө кирип барып, У.Саляновдун баласына тапанча такашкан. Ал баласын кое берүүнү сурана баштап, ортодо кармашуу болгон. Жыйынтыгында ок атылып, белгисиз адамдар качып кеткен», - деп билдирген жактоочу Улан Жумаков.

У.Салянов унааларды алып сатуу жана оңдоо иштери менен алектенчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×