Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баракелде, Бишкек 28.12.2017 12:07

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды, - ИИМ

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүү фактысы боюнча негизги шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-декабрда түнкүсүн милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Э.О. кармалган. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармоо иштеринин жүрүшүндө далил зат катары Макаров үлгүсүндөгү мылтык жана 17 ок табылган. Ошондой эле, ок-дарылары менен куралдар табылып, алар экспертизага жөнөтүлдү.

«Кармалган жаран кылмышын мойнуна алууда. Учурда оперативдүү-издөө жана бул кылмышка катышы бар адамдарды кармоо иштери улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Улан Салянов 6-ноябрга караган түнү өз үйүндө белгисиз адамдардын огунан 42 жашында көз жумган. Ал Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашачу.

«Таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз 4 адам үйүнө кирип барып, У.Саляновдун баласына тапанча такашкан. Ал баласын кое берүүнү сурана баштап, ортодо кармашуу болгон. Жыйынтыгында ок атылып, белгисиз адамдар качып кеткен», - деп билдирген жактоочу Улан Жумаков.

У.Салянов унааларды алып сатуу жана оңдоо иштери менен алектенчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×