Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Талас

Жубайлар: Үлпүлдөк апа Ынтымак атага турмушка чыккандан кийин да 1 жылдай ак бантик тагынып жүргөн (фото)

Turmush -  Таластык 68 жаштагы Айдарова Үлпүлдөк апа Узакбаев Ынтымак атага турмушка чыккан соң 1 жылдай ак бантик тагынып жүргөн. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Үлпүлдөк апа: Мен Талас районунун Талды-Булак айылынын кызы болом. 1967-жылы Токтогулга келин болуп бардым. Башында Бишкек шаарына барып, университетке англис тил факультетине өтүп, кайра Таласка келе жатканда жолдон Суусамырга таякемдер менен учурашам деп кайрылып калдым. Таякем топоз бакчу эле. Ошол жактан жолдошум менен таанышып калдым. Биз мурда ата-энебиздин сөзүнөн чыкчу эмеспиз. Ата-энем да ага турмушка чыгуума макул болду. Мен башында эле окуйм деп айттым. Ал мага окутам деп сөз берип, баш коштук. Сөзүнө туруп мени Ошто окутту, почта боюнча окудум. Пенсия таратып иштедим. Андан соң катчы болуп иштеп, пенсияга чыктым.

Ынтымак ата: Мен 1947-жылы Токтогул районунун Совет совхозунда төрөлгөм. Быйыл 70 жашка чыктым. Жубайымды атам аркылуу тааныдым. Атам СССР учурунда Суусамырда казак малчыларын карачу эле. Суусамырдан жубайым менен анын сиңдисин көрүп, жубайымды жактырыптыр. Мен ал убакта Токтогулда жашачумун. Андан кийин атам мени Суусамырга жиберди. Ал жакка барып таанышып, сүйлөшүп калдык. Башында окушум керек деп калды. Мен убада берип, андан соң үйлөндүк. Үйлөнгөндөн кийин эле окуттум.

Үлпүлдөк апа: Мен кыз кезимде тагынып жүргөн бантикти келин болгондон кийин да 1 жылдай тагынып жүрдүм. Чачтарым узун болуп, эки жакка өрүп, бантик тагынып алчу элем (күлүп). Ошол убакта жаш болгонум үчүн ошондой болду окшойт. Ошол кезде менин көңүлүмдү сыйлаган кайын журтума ыраазымын. Кийин ошону эстеп күлүп жүрдүк.

Үйүбүздө жалгыз келин болдум. Токтогулда жакшы жашадык, бала-чакалуу болдук. 1994-жылы шартка байланыштуу Таласка көчүп келдик. Токтогулда Бел-Алды айыл өкмөтүндө жашачу элек. 1992-жылы жер титирөөдөн улам үйүбүз жараксыз болуп калды. Кийин сел жүрдү. Өкмөт «шартына байланыштуулар көчкүлө, Чүйдөн орун беребиз, ошол жерге там салып жашагыла» деди. Биз болсо көп ойлонуп, Таласта жашаган туугандар менен сүйлөшүп, алар бул жакка келүүнү сунушташты. Ошентип 1994-жылы май айында Таласка көчүп келдик.

Жубайлар 3 кыз, 2 уул, 8 небере жана 3 чөбөрөнүн апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2076
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×