Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусу, Талас 20.12.2017 18:20

Фото — Талас шаарында 14 метрлик балаты орнотулду

Turmush -  Талас шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 14,5 метр болгон балаты орнотулду. Бул тууралуу Талас шаардык коммуналдык ишканасынын жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдык балатыга тендер жарыяланган. Жалпы жасалгасына 95 миң сом каралса, балатыга 16 миң сом каралган.

«Балаты Талас районунан келди. Бийиктиги 14,5 метр. Былтыркы жылдагы балаты 12,5 метр болчу. Орнотуу иштери бүттү. 21-декабрь күнү балатыны жасалгалоо иштери аткарылат», - деди ал.

2016-жылдагы балаты

Талас шаарындагы муниципалдык ишкананын инженери Ормошбек Маймурунов шаарга 30 жылдык балаты алынып келгенин айткан. Анын бийиктиги 12 метрге жеткен. Балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерине 70 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×