Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.12.2017 12:39 Жаңыланды: 13.12.2017 08:27

Айыл турмушу: 400 кой, 100 топоз баккан тоңдук К.Абыкеев киреше табуунун бир нече жолyн атады (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу 2 айылынын 51 жаштагы тургуну Кубанычбек Абыкеев метис койлорду жана топоздорду багат. Аймактык кабарчы айылдын алдыңкы малчысы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 26 жылдан бери мал багат.

«Мен Туура-Суу айылында 8 жылдык мектепти аяктаган соң, орто окуу жайда тракторчу кесиби боюнча билим алдым. Окууну аяктагандан кийин аскерде кызмат өтөп келдим. Атама жардам берип жүрүп, союз тарагандан кийин мал чарбасы менен алектенип калдым. 1989-жылы үйлөнүп, 1991-жылы мал багып баштадым. Башында бирөөнүн топозун багып жүрсөм, кийин өзүм малдын санын көбөйттүм. Учурда малды убагы менен дарылап, ооруганын ветеринарга көрсөтүп турам. Жайкысын жайлоого алып чыгам, кышкысын өз убагы менен тоютун берем.

Учурда 200 эчки, 400 кой, 100 топоз, 20 уй, 15 жылкым бар. Мал багуунун өзүнүн кыйынчылыктары бар. Мисалы, койлорду талаадан жакшылап карабаса кыштын күнү карышкырга жем болуп калышы мүмкүн. Талаада жүргөн топоз, уй жана жылкыларды карап турам. Талаадан төлдөчү малды бат-баттан карап турбаса карышкыр жеп кетет. Мал багуу менен киреше табуунун түрдүү жолдору бар. Мисалы, койлорумдун жүнүн сатсам, топоздорду союп сатам, жылкы менен уйларды базарга алып чыгам. Топоздун терилерин булгарыдан ээр жана башка нерселерди жасоо үчүн алышат. Өзүбүз деле терисинен ээр, кайыш сыяктуу ат жабдыктарын жасайбыз. Аны 500-1000 сомго чейин, мүйүздөрүн азем белек жасаш үчүн сатып алышат. Ошондой эле, аркандарды боз үйдүн жабдыктарын жасаш үчүн алышат», - деди ал.

К.Абыкеев белгилегендей, метис койлор жүндүү болот.

«Койлордун жүндөрүн айылдан келгендер бир килограммын 160-165 сомдон алып кетишет. Жазында эчкинин тыбытын 1 килограммын 1200-1500-1800 сомдон алышат. Жылкы жана уйларды тирүүлөй же союп сатабыз. Учурда көк бөрүгө түшчү аттарды багып жатам. Көп жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип, малдын санын көбөйткөндүгүм үчүн жана айылдын мал чарбасынын өнүгүшүнө салым кошконум үчүн Улахол айыл аймагынын сыйлыктарын алдым. Айылдын мектебине ар кандай сынактарда демөөрчү болгонум үчүн мактоо баракчалары тапшырылган. Малдын ар кандай түрүн көбөйтүп, мал чарбасынын өнүгүшүнө салымымды кошсом деген ниеттерим бар», - деди К.Абыкеев.

Ал үч уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×