Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 08.12.2017 08:21

Бишкекте кафе өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 20 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 8-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Свердлов районунун Жумабек көчөсүндө жайгашкан «Бухара» ЖЧКга тиешелүү кафеде өрт чыкты. Анын кесепетинен жалпы аянты 150 чарчы метр ашканасынын чатыры жана жыгач шыбы, электр плиталар, идиш-аяктар күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×