Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Россиядагы жол кырсыктан кыргызстандыктар каза болду, жабыркагандардын кичүүсү 4 жашта

Turmush -  Россиянын Самара облусунда кечээ, 7-декабрда жол-транспорт кырсыкта Кыргызстандын 2 жараны каза болуп, экөө жаракат алды.

Кыргызстандын ӨКМи билдирген маалыматка караганда, саат 10:15 чамасында (Москванын убактысы боюнча) Самара — Оренбург жолунун 85-чакырымындагы Ветлянка районунун аймагында оор жүк ташуучу унаалар — «Урал» жана «Вольвонун» (Кыргызстандын унаасы, мамлекеттик номуру В 6994АI KZ) кагышуусунда 2 адам көз жумуп, 3 адам жабыркады. Каза болгон адамдар Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Алардын денеси Кинель шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Ал эми, жаракат алган 3 адам (экөө КРнын жараны, анын бири 4 жашта) Нефтигорский райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Кийинчерээк наристеге операция жасалып жатканы маалымдалды. «Вольво» үлгүсүндөгү унаанын ичинде Кыргызстандын 4 жараны, ал эми «Урал» жүк ташуучу унаада Башкортостан Республикасынын 1 жараны болгон.

Полициянын алдын ала маалыматтарына караганда, «Урал» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Нефтегорск шаарчасынан Самара облусу тарапка бара жаткан. Унаанын 1981-жылы туулган айдоочусу каршы тилкеге чыгып, «Вольво» үлгүсүндөгү башка жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Аны 1989-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери аталган факты боюнча текшерүү жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4304
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×