Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Бүгүн Сулайман-Тоонун жанында түлөө өттү

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 7-декабрда өлкө аймагында табигый кырсыктар менен жол кырсыктар болбосун деген тилек мене түлөө өткөрүштү. Түлөөнү «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жамааты уюштурган.

Иш-чарага Ош облусу жана Ош шаарындагы мамлекеттик жана коомдук кызматтардын жетекчилери чакырылган. Бул тууралуу аталган музей комплекстин директору Абдыкайым Кангелдиев билдирди.

«Өлкө аймагында табигый кырсыктар менен жол кырсыктар көп катталууда. Акыркы маалыматтардан кабардар болгон ар бир адамдын кабыргасы кайышып турат. Ошону менен катар жаңы өлкө башчысыбыздын баштаган иши байсалдуу болсун деген ниетте түлөө өткөрүп жатабыз», - деди ал.

Түлөө — курмандык чалып, жакшылык, тынчтык тилеген ырым-жырым. Бул жырым кыргыз элинде эл-журттун, бала-чаканын аман-эсендигин, жаратылыш кырсыктарын болтурбоону суранып, оору-сыркоодон сакайганда, жоголгон адамдын же малдын аман-эсен табылганда, кырсыктан аман калганда жана башка жагдайларда жасалып келет.

IMG-20171207-WA0146

IMG-20171207-WA0144

IMG-20171207-WA0147

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×