Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Таласта «Укуктары бузулган кыздардын жолу» акциясы өттү

Turmush -  Бүгүн, 7-декабрда Талас шаарында «Укуктары бузулган кыздардын жолу» аттуу акция өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Аялзат» коомдук фондунун жетекчиси Зарина Турукманованын айтымында, акциянын алкагында өспүрүм курагында күйөөгө берилген, билим алуу укугунан ажыраган, өзүнүн билимин жогорулатуу, өзүн өнүктүрүү тандоосуна ээ болбой калган кыздар жөнүндө маалыматтар берилди.

Ошондой эле, өспүрүм кыздардын никесин кыюу каадасын ишке ашырган диний кызматкерлердин жана ата-энелердин кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө маалыматтарды камтыган баракчалар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 315
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×