Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жууку капчыгайында карагайлардын кыйылганын текшерген комиссия кандай тыянак чыгарды? (видео)

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Жети-Өгүз районунун токой чарбасынын жана башка органдардын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия Жууку капчыгайында карагайлар мыйзамсыз кыйылып жаткандыгы тууралуу маалыматты текшерди.

Turmush басылмасынын кабарчысы комиссия менен бирге аталган аймакка барып келди.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Каракол шаары, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондору боюнча тескөөчүсү Бейшенбек Самбаевдин айтымында, ал жерде иштер мыйзам чегинде жүрүп жатат.

«Биз токойду текшерүү үчүн келдик. Ал жерде катуу шамалдан кулап, бир жылдан ашык убакыттан бери жерде жаткан карагайлар гана алынып жатканы аныкталды. Мындай карагайларды курулуш материалы катары колдонууга жана алардан эмерек жасоого болбойт. Аларды отун катары колдонууга гана болот. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Жууку капчыгайында отун үчүн 70 куб жана курулуш материалы үчүн 61 куб карагай кыюуга уруксат берген. Интернетке жарыяланган мыйзамсыз карагай кыюу тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул жерде иштер мыйзам чегинде жүрүп жатат. Биз капчыгайдын аймагын кыдырып, мыйзамсыз жасалган иш тапкан жокпуз», - деди ал.

Мындан тышкары, Жууку тилкесинин токойчусу Данияр Конокбаев дал ушул токойду сүрөткө тартып, интернетке жарыялашканын кошумчалады.

«Көрүнүп тургандай токой сыртынан жакшы көрүнгөнү менен жакшылап карасак ал кургак экени байкалат. Жергиликтүү тургундар карагайларды отун үчүн алган. Алар карагайды кайсы жерден алганын көрсөтүп беришти», - деди ал.

Ал эми Жети-Өгүз токой тарбасынын директору Жылдызбек Токтакунов мындай мүнөздөгү маалымат интернетке буга чейин да жарыяланганын айтып, бирок тастыкталбаганын билдирди.

«Тапшырманын негизинде токойду санитардык тазалоодон өткөрүп, шамалдан кулаган карагайларды алып жатабыз. Бул биринчи кезекте өрттүн алдын алуу жана токойду ар кандай зыянкечтерден сактоо максатында жүргүзүлөт. Мындай жумуш жүргүзүлгөндө Влад Ушаков сүрөткө тартып, интернетке башкача маалымат менен чыгарыптыр. Бул мындай ишти биринчи жолу жасап жаткан жок. Ал үчүнчү ирет интернетке аныкталбаган маалымат берип, биздин ишти үзгүлтүккө учуратып жатат. Ошондуктан текшерүүлөр бүткөндөн кийин ага карата чара көрүү боюнча сотко кайрылууга мажбурбуз», - деди ал.

    

Буга чейин В.Ушаков социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына Жууку капчыгайында тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Анын айтымында, сүрөттөр ушул жылдын 3-декабрында тартылган.

Сүрөттөр пайда болгондон кийин премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×