Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Эгиздер: Асел менен Гузелди атасы айырмалай албай, апасы менен талашкан (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 7 жаштагы эгиздер Асел менен Гузел Шайдылдакановаларды апасы баш кийимдерин алмаштырып койсо атасы да айырмалай албай калат. Эгиздерден аймактык кабарчы кабар алды.

Кыздардын апасы Багым Кенжееванын айтымында, аларды 21 жашында төрөгөн.

«Экөөнүн аралыгында убакытты билбейм. Себеби операция жолу менен төрөлүштү. Бирок «биринчи Асел төрөлдү» деп айтышкан. Өзүм эгиздерди көргөндө сырттан суктанып, менде да эгиздер болсо деп тиленип, аларга окшош кийим кийгизип жетелеп жүрсөм деп кыялданчумун. Кудай буйруп, биринчилерибиз эгиз болушту. Жолдошум экөөбүз аябай сүйүнгөнбүз. Багууда албетте кыйынчылыктар болду. Улуусу 3 кг 400 гр, кичүүсү 2 кг 600 гр салмакта төрөлгөн. Башында экөөнү салмагынан айырмалачубуз. 4 ай болгондо экөө теңелип айырма болбой калды. Андан соң өңдөрү бөлөк кийимдерди кийгизип жаттык. Бирине кызыл, бирине күлгүн түстөгү баш кийим кийгизчүмүн.

Бир күнү баш кийимдерин алмаштырып койсом атасы иштен келип, экөөнүн аттарын алмаштырып айтып эркелетип калды. «Сен тааныбай жатасың» десем «тааныйм, мен билем» деп көпкө талашты. Ага баш кийимдерин алмаштырганымды айткам. Жолдошум экөөбүз аны эстеп, көпкө күлүп жүрдүк. Жумуштан келгенде да «дагы алмаштырган жоксуңбу?» деп тактап калган. Азыр жолдошум экөөбүз айырмалайбыз. Бирок чоң ата, чоң апа, таене, таяталары айырмалай алышпайт. Кыздарымдын бири ооруп баштаса, экинчиси да ооруйт. Бири жөтөлсө, экөөнү чогуу дарылай баштайбыз.

Үйдө күлкүлүү окуялар күн сайын болуп турчу. Туулган күндөрүндө 4 торт алчу элек. «Бала бакчага экөөбүз бирден торт алып барабыз, 2 торт алып бергиле» деп ыйлашчу. Үйгө дагы бир торт алып келсек, экөө талашып, дагы бирден алып келчүбүз. Буюмдары окшош эмес болсо дагы талашып калышчу. Мектепке барганда башка ата-энелерге караганда бизге оңой болду. Биз сабактарынын үстүнөн гана көз жүгүртүп турдук. Бири-бирине түшүндүрүп эле үйрөнүп кетишти», - деди апасы.

Ал эми, эгиздердин айтымында, аларды мектептен да көптөр айырмалай алышпайт. Асел келечекте дарыгер болгусу келсе, Гузел ишкер болгусу келет.

«Экөөбүзгө эгиз болгон жагат. Бала бакчадан кийин №3 мектепте окуп жатабыз. Мектептен бизди айырмалай алышпайт. «Дайыма Аселсиңи же Гузелсиңби?» деп сурашат. Кээде бири-бирибиздин атыбызды айтып коебуз. Үйдө баары бизди жакшы көрүшөт. Апама жардам беребиз. Сабактарыбызды чогуу аткарабыз. Үкөбүз Өмүрбек 3 жашта. Биз аны жакшы көрөбүз, багабыз, ойнотобуз», - деди алар.

Эгиздер үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 661
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×