Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Фото - Кадамжайдагы жол кырсыктан 2 аял көз жумуп, 3 жигит жаракат алды (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 7-декабрда Кадамжай районундагы унаа кырсыктан 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык саат 13:50 чамасында Кадамжай—Бүргөндү жолундагы Халмион айылында болгон. Анда «Ниссан Примера» унаасы менен «Дэу Тико» унаасы кагышкан. Анын кесепетинен 2 аял катуу жаракат алып, көп узабай көз жумду. Дагы 3 жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Кийинчерээк каза болгон аялдар Халмион айыл өкмөтүндөгү Таш-Дөбө айылынын тургундары — 1953-жылы туулган О.С. менен 1941-жылы туулган И.А. экендиги, жаракат алып, ооруканага жеткирилген 3 жигит — 1992-жылы туулган А.Н., А.Т. жана 1978-жылы туулган Б.Н. экендиги белгилүү болду.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×