Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Элеттик ырчы Л.Абдышов жеке альбомун чыгарууга даярданып жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Түйтө айылынын 44 тургуну жаштагы Ленинбек Абдышов музыкалык жеке альбомун чыгарууга даярданып жатат. Аймактык кабарчы элеттик ырчыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 12 жашынан бери эл алдына чыгып ырдап келет.

«Атамдан калган ырчылык өнөрдү калтырбай алып жүрөм. Атам музыка сабагынан сабак берип, көптөгөн музыкалык аспаптарда ойночу. 6-классымда эле ырдап, башка колхоздорго гастролдоп баштадык. Ошол кезде бизге №41 окуу жайдын мугалимдери келип, таланты бар окуучуларды тандап жатканда мени да 8-классты аяктаган соң алып кетебиз деп айтышкан. Андан соң мен окуу жайда ансамблде солист болдум. Райондук маданият үйүнүн артисттери менен чогуу гастролдоп көп жакка барып, концерт берип жүрдүк. Музыкалык, педагогикалык колледжди бүтүрдүм. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөм. Азыркы учурда 12 ырым бар. Ырларга обон чыгарган соң сөзүн жазуу абдан кыйын. Аккордеон, гитара, синтезатор, комузда ойнойм. «Таберик» ансамблинде вокалдан сабак берем. Балдарым менин жолумду жолдоп, кызым жана уулум жаш таланттар сынагына катышкан. Жубайым да ырга кызыгып, вокалдан сабак алып жатат. Буйруса келечекте өзүм альбом чыгарайын деген максатым бар», - деди ал.

Ырчы жубайы экөө 3 кыз, 2 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×