Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусу 07.12.2017 14:08

Чүй облустук китепканада илимий-чыгармачылык лаборатория ачылды (фото)

Turmush -  Чүй облустук китепканасында «Maker space» илимий-чыгармачылык лабораториясынын бет ачары болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Бишкек-Америка» борборунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын колдоосу менен ѳткѳн иш-чаранын ачылышына Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эльмира Медетова, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин маданият жана билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты. Иш-чарада катышуучулар жаңы технологиялар менен таанышып, аларды колдонууну үйрѳнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×