Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган Адилет Азия оюндарына даярданып жатат

Turmush -  Тоң районунун Көл-Төр айылынын 19 жаштагы тургуну Адилет Жаныбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиону аталып, эми Ташкент шаарында өтө турчу Азия оюндарына даярданууда. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Анын айтымында, ал эл аралык мелдештерге катышып, спорттун чебери аталган.

«Оор атлетика менен машыкканыма быйыл 5 жыл болду. Спорттун бул түрүнө кызыктырган Б.Байымбеков агайым болду. Башында айылдагы балдар машыгууга барганын көрүп жүрүп, мен дагы машыгып баштадым. Кийин мелдештерге катышып, акырындык менен жеңиштерге жете баштадым. Кийин эл аралык мелдештерге чыгып, спорттун чебери аталдым. Ал эми Кыргызстандын чемпиону болгондо аябай сүйүндүм. Эми Ташкент шаарында өтө турган Азия оюндарына даярданып жатам. Ага чейин Жалал-Абад шаарында 18-19-декабрда өтө турган Кыргызстандын биринчилигине катышам», - деди жаш спортчу.

А.Жаныбеков эң биринчи ийгилиги ага чоң стимул болгонун айтат.

«Жаңы машыгып баштаганда Каракол шаарында өткөн мелдешке катышып, 3-орунду алгам. Бул ийгилик мага стимул берип, кийинки жеңиштерди багындырууга жол ачты. Ысык-Көл облусу боюнча өткөн турнирде 3 жолу жеңүүчү аталгам. Ал эми Бишкек шаары боюнча өткөн мелдеште 3 жолу жеңүүчү болуп, 2 жолу 2-орунга ээ болгом. Белгилүү спортчу Каныбек Осмоналиевдин урматына уюшулган турнирде 3-орунду алып, Митал Шариповдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде жеңүүчү болгом. Эми 2020-жылы Олимпиадалык оюндарга катышсам деген тилегим бар», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 7 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 282
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×