Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Таласта акыркы 3 күндө жылгаяктан улам 8 адам жаракат алды

Turmush -  Талас облусунда акыркы 3 күндүн ичинде жолдор тайгалак болуп, 8 адам жаракат алып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасынын жаракат бөлүмүнүн башчысы Жолдош Үркүнбаев билдирди.

- Жолдош агай, акыркы күндөрү жолдор муз, жылгаяк болууда. Бүгүнкү күнгө чейин жаракат бөлүмүндө кайсы курактагы адамдар кайрылды?

- Кыш мезгилинде көп учурда жылгаяктан улам бир жерин жабыркатып алган бейтаптар келет. Бизге мектеп окуучулары, ар кандай курактагы адамдар кайрылып жатышат.

- Муздан жыгылганда биринчи кандай жардам көрсөтүү керек?

- Эң биринчи дарыгердин милдети — ооруну азайтуу. Ооруган жери жок болсо жаракаттын айыгуусу жеңил болот. Жыгылган учурда үйдө көп кармабай, ооруканада текшерилүү керек. Биринчи ооруган жаракатты таңып, анан гана дарылоону баштоо керек.

- Акыркы күндөрү жылгаяктан улам канча бейтап катталды?

- Акыркы 3 күндүн ичинде бизге 7-8 адам кайрылды. Анын ичинен жараты болгон 3 бейтап биздин көзөмөлдө ооруканада дарыланса, калгандарына биринчи жардам көрсөтүп үйлөрүнө жөнөттүк. Эң оор делген бир окуучу ооруканада дарыланууда. Ойноп жүрүп, муздан тайгаланып, мойнун оорутуп алган экен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 355
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×