Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.12.2017 12:49

Кадамжайдагы шахтадан 24 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Кечээ, 6-декабрда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы №5 көмүр казуу шахтасында бир адам каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 1993-жылы туулган Курбанов Жээнбек шахтага түшүп бара жатканда белине байланган трос үзүлүп кеткен. Жабырлануучу 15 метр тереңдикке кулап, оор жаракат алган. Аны агасы алып чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×