Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Кочкордо жол кырсыктан 28 жаштагы жигит каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Кочкор районундагы жол-транспорт кырсыгынан бир жигит каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык 6-декабрда Кум-Дөбө айылынын аймагында болгон. Анын кесепетинен 1989-жылы туулган М. уулу Ш. аттуу жигит каза болуп, 3 адам райондук ооруканага жеткирилди.

Алар:
- 1997-жылы туулган А.К., Кум-Дөбө айылынын тургуну;
- 1990-жылы туулган М. уулу А., Кум-Дөбө айылынын тургуну;
- 1989-жылы туулган Ж.Э., Кум-Дөбө айылынын тургуну.

Айрым маалыматтарга караганда, эки жабырлануучу хирургия бөлүмүнө, ал эми дагы бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Учурда аталган жол кырсык тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1657
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×