Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Жубайлар: Кызыл-Кыядагы мугалим М.Сатыбалдиев студентине ашык болуп калып, каршылыктарга карабай баш кошкон (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы 28 жаштагы тарыхчы мугалим Мурзафар Сатыбалдиевдин мектептеги иштерине жубайы Татьяна Сатыбалдиева да жардам берип турат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, улуту тажик, жубайы орус кызы. Азыр шаардагы А.Пушкин атындагы орто мектебинде директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары болуп иштейт. Жубайы бий боюнча мугалим. Мектептеги маданий иш-чараларга окуучуларды даярдоого жубайы жардам берип турат. Аны менен Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо-кен техникумда мугалим болуп, аларга сабак берип жүргөндө таанышып калган. Студентине шакек менен гүл белек кылып сезимин билдирген. Экөөнүн баш кошуусуна үй-бүлөлөрү тарабынан каршылыктар болгону менен аларга эч ким тоскоолдук кыла алган эмес. Учурда жубайлар Согдиана, Сабрина, Мадина аттуу 3 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 823
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×