Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Премьер-министр С.Исаков: Аймактардагы маалыматтарды Turmush басылмасы аркылуу билип турам

Turmush -  Мен аймактардагы көптөгөн маалыматтарды Turmush басылмасынан окуйм. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ЖМКлар дагы Turmush басылмасынын форматында иштегенге өтүшү керек.

«Мен бир мисал келтирсем болобу? Мен аймактардагы көптөгөн маалыматтарды Turmush басылмасынан окуйм. Бул жерде АКИpress сайтынын өкүлү отурат. Мага алардын иштегени жагат. Бул кошоматчылык эмес. Алар оптималдуу иштегени тууралуу мисал келтиргим келет. Алардын Turmush басылмасы бар. Алар окуяны телефонго тартып, маалыматты ыкчам беришет жана кыргызстандыктар эмне болгондугун окушат. Абдан кызыктуу, киресиң, окуйсуң. Мен өкмөт башчы катары АКИpress сайтын көп окуйм. Баарын окуйм, бирок аймактардагы жаңылыктарды, көйгөйлөрдү Turmush сайты аркылуу билип турам. Биз башка сайттардан көп маалыматтарды алабыз, бирок Turmush көп каражат коротпой, эффективдүү иштейт. Биз дагы ушундай кылышыбыз керек», - деди Сапар Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 740
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×