Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Сүйүнчү! Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Turmush -  Улуттук көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилди. Тиешелүү чечим Кореянын Чеджу аралында өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында бир добуштан кабыл алынгандыгын Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, 4-декабрда башталган өкмөттөр аралык комитеттин сессиясы 9-декабрь күнү жыйынтыкталат. «Бул ЮНЕСКОнун тизмесине кирген кыргыздын биринчи мурасы эмес. Буга чейин «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтиги, төкмө акындык, айтыш өнөрлөрү, ала кийиз жана шырдак, ошондой эле боз үй, Нооруз майрамы жана башкалар кирген», - деп айтылат маалыматта.

Бул жылы комитеттин отурумунда материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизүү үчүн 49 сунуш болгон. Алардын ичинде «Орган музыкалык аспабын жасоо жана органдык музыка» (Германия), «Неаполитан пиццасын жасоо искусствосу» (Италия), «Шамал жана суу тегирмендерин колдонууга байланыштуу салттуу илимдер» (Нидерланды) жана башкалар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×