Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарындыктар жөлөк пул боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзамды артка кайтарууну талап кылышууда (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү балдарга жөлөк пул чектөө боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзамды артка кайтарууну талап кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залына кечээ, 6-декабрда Нарын шаарынын тургундары, активисттер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чогулуп, аталган мыйзам долбоору туура эместигин жана мурунку мыйзамдын күчүндө калышын талап кылышты. Алар менен жолуккан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Кадырова, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргал Ботоканов көтөрүлгөн маселе боюнча өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке, президентке кайрылуу жасашарын убада кылышты. Ал эми, шаар тургундары жана активисттер эгерде алардын талаптары аткарылбаса, 13-декабрда дагы жыйынга же нааразычылык акциясына чыгышарын билдиришти.

Кыргызстанда 2018-жылдын январь айынан тарта мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирет. Анын негизинде жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга сүйүнчү берилет. АКИpress агенттиги мындай жөлөк пулду алуунун жолдору тууралуу кенен маалымат даярдады.

Мыйзам боюнча жөлөк пулдун 3 түрү бар — «балага сүйүнчү», «балага жөлөк» жана «үй-бүлөгө көмөк».

«Балага сүйүнчү» — бир жолу берилүүчү жөлөк пул. Төрөлгөн балага сүйүнчү катары берилет. Мындай жөлөк пул 2018-жылдын 1-январынан тарта төрөлгөн балдарга бериле баштайт. Анын өлчөмү 4 миң сом болот деп болжолдонууда.

«Балага жөлөк» — 3 жашка чейинки балага ай сайын бериле турган жөлөк пул. Бул жөлөк пулдун түрү 3 жашка чыга элек балдардын баарына берилет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, жөлөк пулдун биринчи жана экинчи түрү кичинекей балдардын өнүгүшүн жакшыртууга багытталган.

«Ошондой эле, мамлекет энеге (же атага) баланы кароо үчүн эмгек өргүү алууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен мамлекет үй-бүлө мүчөлөрүнүн жынысына карабай үйдө балдарды тарбиялоого жумшаган эмгегин компенсациялоо кепилдигин өзүнө алууда», - деп билдиришти аталган министрликтен.

«Үй-бүлөгө көмөк» — 3 жаштан 16 жашка чейинки 3 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул. Жөлөк пулдун бул түрү эми үй-бүлөдөгү киреше боюнча эмес балдардын санына карап берилет. КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, кедей эмес бир үй-бүлөгө орто эсеп менен 2,1 бала, кедей үй-бүлөгө 3,1 бала туура келет. 3 балалуу үй-бүлөлөрдүн кедейлик деңгээли 43,5%, 4 балалуулардыкы — 63,8%, 5 же андан көп балалуулардыкы — 84,9% болот. Башкача айтканда, бала канчалык көп болсо кедейлик тобокелчилиги ошончолук жогору.

65

Эмне үчүн үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын аныктоодо демографиялык көрсөткүч колдонулат? Анткени бүгүн өлкөдөгү көмүскө экономиканын көрсөткүчү 72%ды түзгөндүктөн расмий киреше кедейчиликтин деңгээлинин ишенимдүү индикатору болуп эсептелбейт. Адамдар кирешесин жашырып, өздөрүн кедей деп көрсөтүп, жөлөк пул алууга укук алышы мүмкүн.

Мамлекеттик жөлөк пул мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде тарбияланууга берилген, башкача айтканда мамлекеттик камсыздоодо турган балдарга карата дайындалбайт. Алдын ала маалыматтарга караганда, жаңы принцип менен берилип жаткан жөлөк пул өлкөдөгү кедейчиликтин деңгээлин төмөндөтүүгө көмөк көрсөтөт. Бул көрүнүш 2016-2030-жылдардагы туруктуу өнүгүү демилгесинин алкагында өтө маанилүү. Мындай жол менен мамлекеттик жөлөк пул муктаждыкты кыйыр баалоонун негизинде берилет.

Жөлөк пулду алуу үчүн ата-энелер паспорт, баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жана жашаган жери тууралуу маалымдама тапшырышы керек. Ата-энелер жөлөк пул үчүн жашаган жери боюнча шаардык же райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрыла алышат.

66

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар, тактап айтканда эмгек акысына кошумча төлөм (райондук коэффициент), ошондой эле башка социалдык төлөмдөрдү алгандарга мамлекеттик жөлөк пулдун өлчөмү ошол райондук коэффициенттер менен ченелет. 2018-жылдын 1-январына чейин (жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин) көрсөтүлгөн үй-бүлөлөр жана физикалык жак белгиленген мөөнөттүн аягына чейин жөлөк пулду ала алышат. Ата-энелер мамлекеттик жөлөк пулга жылдын аягына чейин арыз берет. Ошондо гана алар жаңы эрежелер менен жөлөк пулга көрсөтүлөт. Сүйүнчү тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пул төлөөнү жокко чыгарбайт. Эгерде үй-бүлө балдар жөлөк пулунун критерийлерине туура келсе, анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары жаңы жөлөк пулду ала алышат.

67

Сүйүнчүнү бардык жаңы төрөлгөн, анын ичинде асырап алынган ымыркайлар да алууга укуктуу. Асырап алынган балага сүйүнчү алуу үчүн өзүнүн балдарына керектүү болгон документтер сыяктуу эле арыз ээсинин паспорту, баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымдама алып баруу керек.

Белгилей кетсек, сүйүнчү 2018-жылдан баштап төрөлгөн ымыркайларга гана берилет. Ошондой эле, ата-энелер бала бир жашка чыкканга чейин кайрылган убакта гана сүйүнчү ала алат. Эгер мамлекеттик жөлөк пул тууралуу мыйзам күчүнө кирген мезгилде үй-бүлөдө 1,5 жаштагы бала бар болсо, анда алар балага жөлөк пул алууга укуктуу. Бул жөлөк пулдун түрү бала 3 жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнүп турат. Акыркы эсептөөгө караганда, 2018-жылы мыйзамды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 8 млрд сом сарпталат.

71

Сүйүнчү ар бир ымыркайга төлөнөт. Эгер үй-бүлөдө 3 эм төрөлсө, анда ар бир ымыркайга өз-өзүнчө сүйүнчү берилет. Ата-энелик укуктан ажыратылгандарга да балага сүйүнчү берилет. Бирок бул учурда балага жөлөк пул төлөнбөйт. Эгер бала асырап алынса, анда жөлөк пул аны камкордукка алган ата-энеге төлөнүп берилет. Бирок ал балдар үйүнө өткөрүлүп, толугу менен мамлекеттин камсыздоосуна алынса, ага жөлөк пул төлөнбөйт. Анткени бала толугу менен мамлекеттин камсыздоосуна өтөт.

Ал эми интернационалдык үй-бүлөлөр жөлөк пулду жалпы негизги шарттар менен алышат. Мамлекеттик жөлөк пул алуу үчүн Кыргызстанда жашаган жана жарандык алган чет элдиктер дагы кайрыла алышат. Эгерде 3 жашка чейинки бала Кыргызстандын жараны болсо, анда сүйүнчү Кыргызстандын башка жарандарынын балдарына берилгендей эле берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2161
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×