Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Баткендиктер ич келте оорусу боюнча текшерүүдөн өттү

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек, Көк-Таш айылдарында 498 адам жана 319 окуучу ич келте оорусу боюнча медициналык текшерүүдөн өттү. ӨКМдин басма сөз кызматынын бүгүн, 7-декабрдагы маалыматына караганда, текшерилген тургундардын арасында дене табы көтөрүлгөндөр байкалган эмес.

Мындан тышкары, ич келте оорусун жуктуруп, ооруканага жаткан балдар менен бирге окуган 50 окуучуну жана айылдагы ичүүчү сууну текшергенден кийинки жыйынтык райондук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×