Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра айылынын эли суукка тоңуудан сактануунун жолдорун үйрөнүштү

Turmush -  Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан Каркыра айылында ӨКМдин калкты окутуу борборунун адистери өзгөчө кырдаал болгондо кандай чараларды колдонуу керектиги боюнча окутуу-машыгууларды өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Бейшеев билдирди.

Анын айтымында, бул аймакта кыш 8 айга созулат.

«Каркыра айылынын жашоочулары мектеп окуучулары чогулган жерде ӨКМдин окутуу борборунун адиси Чыңгыз Ногойбаев баш болгон кызматкерлер кар көчкү түшүп, жол жабылганда суукка тоңуудан сактануу, жер титирөө, өрт жана башка өзгөчө кырдаал болгондо сактануунун жолдору тууралуу видеотасмалардын коштоосу менен, кээ бир алгачкы жардамдарды көрсөтүүнү окутушту. Кышы 8 айга созулган бул аймакта жолдор кээде бир жумалап ачылбай калгандыктан боюнда бар энелерди эртерээк райондогу төрөт үйүнө жакын жайгашкан айылдагы туугандарына жеткирүү ФАП кызматкерине милдеттендирилди», - деди М.Бейшеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×