Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы окуучуларга ВИЧ/СПИДге каршы түшүндүрүү иштери жүрдү (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектебинде «СПИДге каршыбыз» иш-чарасы өтүп, анда адистер илдеттин алдын алуунун жолдору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу мектеп директору Жийде Көкөтаева билдирди.

Анын айтымында, мугалимдер тарабынан ачык сабактар өтүлүп, ВИЧ/СПИД илдетинен сактануу тууралуу айтылып, суроо-жооп иретинде түшүндүрмө берилди. Ал эми, жогорку класстын окуучулары ооруга чалдыккандардын тагдыры жөнүндө сахналаштырылган оюн тартуулашты.
Иш-чаранын аягында окуучуларды сергек жашоого үндөө максатында класстар арасында баскетбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кубок, грамота тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 278
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×