Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

В.Путин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат

Turmush -  Владимир Путин Россияда 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин ГАЗ заводдун жумушчулары менен жолуккан учурда билдирди.

«Мен президенттик шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтөм. Колдооңор үчүн рахмат. Россия алдыга гана жылат, анын алдыга жылуусун эч ким эч качан токтото албайт», - деди өлкө башчысы.

Владимир Путин биринчи жолу 2000-жылы Россия Федерациясынын президенти болуп шайлаган. 2004-жылы аталган кызматка экинчи жолу шайланган. 2008-жылдан 2012-жылга чейин өкмөт башчы болуп иштеп, 2012-жылы кайрадан президенттик кызматты ээлеген.

Россияда кезектеги президенттик шайлоо 2018-жылы өтөт, шайлоо кампаниясы декабрда башталат. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин «Россия либералдык-демократиялык» партиясынын лидери Владимир Жириновский, теле алып баруучу Ксения Собчак, журналист Екатерина Гордон билдирген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1734
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×