Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Сот өлтүрөм деп коркуткан Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетовго айып салды

Turmush -  Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сот тарабынан административдик айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Г.Аширбаева билдирди.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарынын мэри административдик укук бузуу белгилери боюнча айыпталган. Ал ушул жылдын 10-июлунда саат 20:30дар чамасында үч адамга телефон чалып, аларды өлтүрөм деп коркуткан.

«2017-жылдын 10-августунда административдик укук бузуу жөнүндө протоколу түзүлгөн. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук соту ушул жылдын 30-ноябрында аныктама чыгарды. Балыкчы шаардык сотунун 2017-жылдын 14-сентябрындагы М.А. жөнүндө чыгарылган токтому өзгөртүүсүз, ал эми М.А.нын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды. Аныктама жарыялангандан тартып күчүнө кирет жана көзөмөл иретинде КРнын Жогорку сотуна мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн», - деп билдиришти облустук соттон.

Буга чейин Балыкчы шаардык соту тарабынан М.А. КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 66-11-беренелери (Өлтүрүү коркунучу) менен күнөөлүү деп табылып, 20 эсептик көрсөткүч, тагыраагы 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынган.

А.Мамбетов Turmush баслымасына берген комментарийинде аталган иш боюнча даттануу менен Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.

Буга чейин интернет түйүндөрүндө эки жарандын сүйлөшүүсү боюнча аудиожазуу пайда болгон. Ал А.Мамбетов менен мурунку мэр Сатыбек Шамшудиновдун сүйлөшүүсү экендиги айтылган. Акыркысы ММКлардын бирине берген комментарийинде аудиожазуудагы сүйлөшкөндөрдүн бири ал экендигин тастыктаган.

А.Мамбетов 2016-жылдын 25-майында Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×