Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 06.12.2017 17:09

Бала тили — бал: Азыр мен президентмин, - 5 жаштагы Шерхан (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Талас шаарында жашаган 5 жаштагы Шерхан Медеркулов.

- Шерхан туулган күнүң качан?

- Меники болуп бүтүп койгон.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Жок бала бакчага лялкалар эле барат да, мен чоң баламын, мектепке барам.

- Сен чоңойгондо ким болосуң?

- Мен президент болом. Анткени аларда акча көп, апаларын, аталарын ойдаа багат да.

- Азыр ким президент билесиңби?

- Мен да, карабайсызбы.

- Сүйүү деген эмне?

- Мм.. ал ыр.

- Ал кандай ыр?

- Эээ унутуп койдум. Алар жөн эле ырдашат го дейм. Бирок ырдай беришет го.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×