Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган кишиге сот өкүм чыгарды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган деген шек менен кармалган жаранга сот өкүм чыгарды. Маалыматка караганда, өкүм ушул жылдын 24-ноябрында чыккан.

«Шектүү деп кармалган К.Ж.С. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде К.Ж.С.га белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, ага 3 жыл сынак мөөнөтү белгиленди. Ага белгиленген сынак мөөнөттүн ичинде ал башка кылмыш жасабаса өкүм аткарылбайт. Шарттуу соттолгон К.Ж.С.га сынак мөөнөт ичинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кара-Көл шаардык инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин өзгөртпөөсү, жашаган жери өзгөрүлгөнү жөнүндө Жаза-аткаруу инспекциясына катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип туруусу милдеттендирилди. Шарттуу соттолгон К.Ж.С.тин жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кара-Көл шаардык инспециясына жүктөлдү. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал өзгөртүүсүз камакта калтырылат, ал эми өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бөгөт коюу чарасы алынат. Өкүмгө нааразы тарап 10 сутка ичинде апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектүү адам кармалгандыгы маалымдалган.

Шаардык прокуратуранын билдирүүсү боюнча, окуя ушул жылдын 21-июлунда катталган. Шектүү деп кармалган 44 жаштагы К.Ж. 1-классты аяктаган окуучу кызды шаардагы Ажыматов көчөсүндө жаңы курулуп жаткан үйдүн жер төлөсүнө «акча берем» деп алдап алып кирген.

«Шектүү жабырлануучунун денесине жыныстык мүчөсүн тийгизип, өөп, ыплас аракеттерди жасаган. Бул тууралуу окуучу кыз чоң апасы К.У.га айтып берип, ал дароо милиция кызматкерлерине кайрылган. Арыздын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп айтылган билдирүүдө.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренесинин 3-бөлүмүндө (сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14479
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Azi_Mak
19:54, 06 декабря 2017
Куда катится мир.До чего же опустились люди,потеряли человечность.Насилуют детей, бросают на улице младенцев, выбрасывают,как не нужный мусор,издеваются над собственными же детьми, сажая на горячую печь....
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×