Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда үлпөт тойдо сүрөтчү жигитти сабагандар коомдук иштерге тартылып, айып салынды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги мушташуудан кийин кармалган 4 атуул 8 сааттык коомдук иштерге тартылып, аларга административдик айып салынды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги Курманбек баатыр аркасында тойду сүрөткө тартып жүргөн сүрөтчүнү ур-токмокко алгандыгы үчүн кармалган күйөө жолдоштордун үстүнөн Сузак РИИБ укук бузуу протоколдорун түзүп, ал сотто каралды.

Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Сузак айылы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы Курманбек аркасында кечки 16:00дөр чамасында орун алган башаламандыкка катышкандыгы үчүн ушул эле райондун тургундары 1992-жылы туулган А.Р.ге, 1991-жылы туулган Р.С.ге, 1992-жылы туулган А.Э.ге, 1993-жылы туулган А.К.га администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, соттун кароосуна берилген.

«Сузак райондук сотунун 2017-жылдын 4-декабрындагы токтому менен ички иштер бөлүмү протокол толтуруп, сотко жиберилген жарандардын үстүнөн КРнын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси менен (364-беренесинин 1-бөлүмү) күнөөлүү деп табылып, ар бирин 8 саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн 15 өлчөмүндө администрациялык айып салынды. Айтылган соттун токтомуна нааразы тарап 10 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна даттанууга укуктуу», - деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Жаңжалга катышкан дагы эки атуулдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылганы айтылууда.

Буга чейин маалымдалгандай, Сузак районунун Курманбек баатыр атындагы аркасында Ырыс айыл аймагындагы түгөйлөрдү сүрөткө тартып жүргөн 24 жаштагы жигит менен Кара-Дарыя айылынан тойго бара жаткан жигиттердин ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар мушташа кетишкен. Мындан улам сүрөтчү жарат алып, ооруканага жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×