Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 06.12.2017 14:35

Таластагы майып балдарга белектер тапшырылды

Turmush -  Талас шаарынын мэриясы, социалдык коргоо башкармалыгы жана жеке ишкерлер тарабынан шаардагы майып 90 балага белектер тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарда жалпысынан майып 781 адам жашайт. Алардын 268 жаш балдар. Маданият кызматкерлери балдар үчүн концерттик программа тартуулашты. Ар жылы шаардык бийлик тарабынан майрам сайын алардын көпчүлүгүнө белектер тартууланып келет.

Ал эми, Талас районундагы жардамчы мектеп интернатындагы балдарга №2029 чек ара аскер бөлүгү тарабынан окуу куралдары, оюнчуктар, кышкы жылуу кийимдер жана таттуулар тапшырылды. Аталган интернатта учурда 120 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×