Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Талас

Наматбек айылындагы чакан мектепте 270 окуучу 3 мөөнөт менен окуп жатат

Turmush -  Бакай-Ата районунун Наматбек айылындагы мектепте окуучулар 3 мөөнөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу мектептин директору Динара Байгараева билдирди.

Анын айтымында, айылдагы И.Жанчаров атындагы орто мектеп 1987-жылы башталгыч класстын окуучулары үчүн курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда мында 270 окуучу 3 мөөнөт менен тар класстарда тыгылып отуруп билим алышууда. Мектеп жааматы Талас облустук бийлигине бир канча ирет кайрылышкан. Анын жыйынтыгында 2018-жылга Талас өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жаңы мектеп курулат деген убада берилген.

Мектептин ички жасалгасы, андагы жылуулук системасы талапка жооп бергени менен 3 мөөнөттүк окуу эртең менен саат 7:30да башталып, кечки 18:30 чейин уланат. Кыш мезгилинде окуучуларга бир топ кыйынчылык жаралат. Себеби бир топ алыстагы кашарларда жашаган ата-энелердин балдарынын келип кетиши көйгөй жаратат.

Элетте 1600дөн ашык эл жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1802
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×