Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Ошто жоокерлерге мекенди сүйүү боюнча баяндама жасалды (фото)

Turmush -  Ошто 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлерине мекенди сүйүү боюнча баяндама жасалды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кечээ, 5-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Мекенди сүйүү жана ата-мекенге ак кызмат» аталышындагы темада 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясында кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен жолугушуп, мекенди сүйүүдөгү инсандын милдети, ата-мекенди коргоо сооптуу иштерден экендигин айтып, жоокерлерди ак кызмат өтөөгө чакырды. Муну менен катар жолугушуунун жүрүшүндө экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берилип, Убайдулла ажы Сарыбаев ата-энени, мекенди жана өз жерин түбөлүк сүйүп жашоого үндөдү.

Мекен сакчылары менен болгон жолугушуунун акырында шаар казысы жоокерлер менен болгон иш-чараны уюштуруп бергендиги үчүн аскер бөлүктүн полковниги Т.Токтогуловго өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууга шаардык казыят даяр экендигин баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×