Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит 2 айга камакка калтырылды

Turmush -  Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит шаардык соттун чечими менен 2 айга камакка калтырылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-декабрда Ош шаардык соту тарабынан студенттин өлүмүнө шектүү делген 6 адамдын иши каралган. Соттук кароонун жыйынтыгында шектүүлөр 2 айга камакка алынган.

Буга чейин маалым болгондой, 3-декабрь күнү күндүзгү саат 10:30 чамасында Ош ШИИБдин оперативдүү тергөө тобу, чакыруу боюнча Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнө барышкан. Ал жерде унаа токтотуучу жайдын артынан башы жарылган жаракаты менен 18-25 жаштар чамасындагы жигиттин жансыз денеси табылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ал жигит 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылында туулган тургуну, Ош мамлекеттик социалдык университетинин 1-курсунун студенти, С.уулу Дөөлөтбек экендиги такталган.

Анын өлүмүнө шектелип милиция тарабынан 6 жигит кармалып, абакка киргизилди. Кармалган балдардын экөөсү эч жерде иштебейт, төртөө Ош техникалык университетинин студенттери. Кармалган балдар 1992-жылы, 2000-жылы, 2001-жылы жана 1999-жылы туулган жигиттер болушкан. Алардын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалгандар өз көрсөтмөлөрүндө 2-декабрь күнү каза болгон Дөөлөтбек аларга мас абалда келип, өзү жаңжал салгандыгын, андан кийин аны сабашкандыгын, бирок өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча: Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит аны өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда, - Ош ШИИБ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 735
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×