Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган интеллектуалдык таймаш өттү (фото)

Turmush -  Түп районунда М.Элебаев атындагы китепканада мектеп окуучулары арасында залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесине арналган «Манас - улуу мурас» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук китепкананын усулчусу Фатима Матаева билдирди.

Анын айтымында, В.Кайкин орто мектебинин «Аккула», А.Карымшаков орто мектебинин «Айкөл Манас», Бирлик орто мектебинин «Улуу мурас» командалары Сагымбай Орозбаковдун чыгармачылык өмүрүнөн, ал айткан манастын варианттарынан курч суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында «Улуу мурас» командасы 1-орунду алды.

«Ошол эле күнү «Манас эпосу жаш балдардын көз карашында» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө китептер белекке берилди», - деди Ф.Матаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 234
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×