Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Баракелде

Ч.Жалилов: Жашоомдо эң зор мааниге ээ 3 аял бар

Turmush -  Экс-муфтий Чубак Жалилов укук коргоо органдары аны менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык экенин билдирди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

«Менин үстүмдөн жазылган арыздын негизинде атайын тараптар мени менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык. Бирок ал жерде менин же менин үй-бүлөмдүн ар-намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болгон жок. Урмат-сыйдын, адамгерчиликтин жана мыйзамдын негизинде гана болгондугун баса белгилегим келет. Ал жерде узак сааттар бою суу ичпестен кармап отурушту деген кеп чындыкка коошпойт», - дейт экс-муфтий.

Ошондой эле, ал мыйзам боюнча эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса же чогуу чарба жүргүзүп, чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналарын айткан.

«Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде кош аялдуулук боюнча айтылган «эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаган учур» менин жашоомдо орун албагандыктан, бул мыйзам аркылуу мен күнөөкөр эмес экенимди дагы да дааналап билдим. Мыйзамдын тили менен айтканда эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса, чогуу чарба жүргүзүшсө же чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналат экен. Чогуу жашаган күндө да эки аялдын бири арыз жазганда ага маани берилет экен. Же экинчи аялга ЖАККтан нике кагазын алганда эсептелет. Андай болбогон учурда мыйзам тилинде экинчи аял деп айтылбастан, башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу бир аз ыңгайсыздыкка дуушар кылат», - дейт ал.

Мындан тышкары экс-муфтий анын жашоосунда эң зор мааниге ээ болгон 3 аял бар экенин белгилеген.

«Менин жашоомдо эң зор мааниге ээ болгон 3 аял бар. Алгачкысы — менин чоң энем Уруяткан. Алгач келме айтканды үйрөтүп, кудайды таанытып, тамга тааныгандан баштап «Манас» эпосун окуттуруп, угуп, дүйнө таанымымды «Манас» менен оозанткан, кыргыз нарк-насилин өзүнүн жомоктору, кошоктору, куюлуштуруп айткан макал-лакаптары менен сиңдирген залкар эне. Экинчиси — мени төрөп, өстүргөн, тарбиялаган кадырман апам Гүлжамал эжекей! Үй-бүлөнүн кутун сактап, күйөөнүн кадырын ордуна коюп, аруулук менен тазалыктын үлгүсүн көрсөткөн улуу аял. Үчүнчүсү —  жакамды агартып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, менин калыптануума себепкер жароокер зат Гүлнур айым. Хадижа энекебиздин ордун Пайгамбарыбыз үчүн эч ким толтура албагандай эле, Гүлнур айымдын ордун, макамын, даражасын эч ким толтурбайт, ага тең келе албайт. Ага болгон урматым, сүйүүм ордунда, чексиз», - деп жазган Ч.Жалилов.

Тема боюнча:

30.11.2017Бир дагы мамлекеттик орган билдирүү жасаган жок, - Ж.Фронтбек кызы Ч.Жалиловдун чакырыгы боюнча
01.12.2017Экс-муфтий Ч.Жалиловдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүрүп жатат, - министр У.Исраилов
04.12.2017Ч.Жалиловду суракка чакырып, экинчи аял тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарууга мажбурлашты, - жактоочу
04.12.2017Ч.Жалилов экинчи аялын сүйүктүү, биринчисин расмий никедеги аялы деп эсептейт, - милиция
10.06.2017Чубак ажы: Көп аялдуулук көп балалуу болуп, сойкуларды азайтууга жардам берет
30.11.2017Депутаттардын көбү муну колдоорун айтышты, - депутат А.Касымалиева көп аялдуулук тууралуу
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×